Чолпон-Атадагы кырсык. Скутердин айдоочусу үй камагына чыкты

Чолпон-Атадагы кырсык. Скутердин айдоочусу үй камагына чыкты

Чолпоп-Атада эки адам каза болгон кырсыктан кийин кармалган скутердин айдоочусунун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бөгөт коюу чарасы 26-июлда тандалып, айдоочу 2 айга үй камагына чыгарылды.

«Ысык-Көл РИИБдин тергөөчүсү айдоочуну камакка алуу жөнүндө өтүнүч келтирген, сот анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Мындай чечим айыпталуучунун жашы жете электиги, туруктуу жашаган жери, документтери бар экендиги, факты этиятсыздыктан жасалган кылмыштардын катарына кирери, ошондой эле жабырлануучу тарап ачык айыптоодон баш тартканын эске алуу менен кабыл алынды. Айдоочуну мыйзамдуу өкүлүнө (ата-энесине) 2 айга өткөрүлдү», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин, Чолпон-Атада моторлуу кайыктын айдоочусу (скутер) үч адамды коюп кетип, экөө каза болгону маалымдалган. 

Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алып жаткан жарандардын коопсуздугун  камсыздоону күчөтүүнү тапшырган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>