Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Бишкектеги жатаканада 17 жаштагы кыз асынып алды
03.12.2022 | 14:27
Бишкек шаарындагы университеттин жатаканасында жашы жете элек кыздын жансыз денеси табылганы боюнча ИИМ тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 29-ноябрь күнү таңга жуук 102 кызматына жатакананын бөлмөлөрүнүн биринде асынып алган кыз табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге келген РИИБдин тергөө-ыкчам тобу кыздын өздүгүн такташкан – ал 2005-жылы туулган Р.А. экендиги аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча денеде зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөндүн белгилери болгон эмес.
Бул факт Ленин РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, бардык экспертизалар дайындалган.
Учурда иштин чоо-жайы такталууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар