Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрө турган комплекс курулууда6-август: өлкөнүн айрым аймактарда жаан жаайтСаламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалды
Брюсселде Ноорузга майрамы белгиленди
19.03.2024 | 20:04
Брюссель шаарынын Борбордук китепканасында “Nooruz 2024” масштабдуу фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Иш-чарага кыргыз диаспорасы, Бельгия Королдугунун борборунун тургундары жана меймандары, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Майрамдык салтанатта кыргыз элинин маданий мурастарынын көргөзмөсү, элдик чыгармачылыкка арналган фотокөргөзмө уюштурулду.
Меймандар Кыргыз улуттук тамактарынын даамдарын татып көрүп, улуттук кийимчен жаш улан, кыздарынын дефилесин көрүп, ошондой эле улуттук музыкалык аспапта – комузда ойногон ырларды уга алышты. Фестивалдын катышуучуларына улуттук “боз үй” тартууланды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом