БШКга Темирлан Султанбековдун үстүнөн арыз түштү
Бишкек шаарынын тургуну Максат Сыргабековдун атынан “Социал- Демократ” саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун Борбордук шайлоо комиссиянын реестрине арыз түшкөн. Бул арыз аталган мекеменин сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, 19-ноябрь күнү КТРК телеканалында “Тегерек стол” форматында шайлоо алдындагы акысыз эфир маалында Султанбековдун “Атамбаевдин тушунда “Ыйман” фонду ачылып, имамдарга айлык бериле баштаган” – деп айтканы шайлоо боюнча мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүн бузуу болуп калды.
Ошондой эле талапкер болбой туруп КТРКда өткөн “Тегерек столго” катышуу менен шайлоо мыйзамынын 3-беренесин бузганын айткан.
[image_carousel source=”media: 110427,110428″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]