Кыргызстан өзүн жашылча, картошка жана сүт менен толук камсыздайтЖК Малик Бектургановду башкы прокурор кызматына дайындоого макулдук бердиМаданият министри кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктадыБекешев: Балдар үйлөрүндө бир да бала болбошу керекЖК Имангазиев менен Айылчиевдин министрликке талапкерлигин жактырдыКыргызстандыктар баштапкы төгүмү жок турак жай жана унаа үчүн 3 млрд сомдук насыя алышты
Бүгүнтөн тарта Бишкек—Балыкчы поезд каттамы жанданат
15.08.2022 | 09:17
Бүгүн, 15-августан тарта Бишкек—Балыкчы багыты боюнча республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин каттамы жанданат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Ал борбордон Бишкек-2 станциясынан саат 7.40та чыгып, Рыбачье станциясына 11.42де келет. Поезд Рыбачье станциясынан кайра саат 17.48де жөнөп, Бишкек-2 станциясына 21.50дө келет.
Билеттердин баасы вагонуна жараша өзгөрөт: кадимки вагон – чоңдор үчүн 150 сом, балдар үчүн 73 сом, люкс вагону – чоңдор үчүн 500 сом, балдар үчүн 250 сом.
Эске салсак, Боом капчыгайындагы селдин кесепеттеринен улам Бишкек—Балыкчы поезди убактылуу токтотулган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом