Чек ара чыры: Ок атышуудан жараат алгандардын саны 18ге жетти

Чек ара чыры: Ок атышуудан жараат алгандардын саны 18ге жетти

Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам жарадар болгондордун саны саат 11:00гө карата 18ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жараат алгандар Баткен облустук бириккен ооруканасына жаткырылган. Алардын абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>