Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
Чек ара чыры: Ташиев жарандарды тынчсызданбоого чакырды – видео
16.09.2022 | 18:43
Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов менен болгон жолугушуусунан кийин билдирүү жасады.
УКМК башчысы жакын арада аткылоо токтой турганын белгиледи.
Акыркы маалыматтар боюнча чек арадагы куралдуу кагылыштан 42 адам жараат алган. Баткенге Бишкектен үч медициналык бригада кеткен.
Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Чек ара кызматы билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.
Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом