Чек ара кызматы Тажикстанды ок атышууну токтотууга чакырды

Чек ара кызматы Тажикстанды ок атышууну токтотууга чакырды

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу билдирүү таратты.

Чек ара кызматы Тажикстан тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салганын билдирет.

«Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет жана мамлекеттик чек арада провокациялардын көбөйүп баратканын, Тажикстандын чек ара аскерлигинин аскер кызматкерлери катары аныкталбаган адамдар куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жатканын белгилейт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына жана аскер кызматкерлерине карата ар кандай чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди, сабырсыздыктын акыркы чегине жеткирип ар кандай агитацияларды жана идеяларды пропагандалоону жүргүзүп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, мунун баары мамлекеттик чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ачыктан-ачык бузуу болуп саналат жана Тажикстандын бийликтери кырдаалды көзөмөлдөй албай жатканын, анын үстүнө куралдуу кагылышуулардын күчөшүнө салым кошуп, ал адам өлүмүнө жана эки өлкөнүн жарандык инфраструктурасына зыян алып келүүдө.

Чек ара кызматы тажик тарапты ок атышууну токтотууга, куралдуу кагылыштарды деэскалациялоого, биргелешип кайтарылган чек арада тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырат.

Эскерте кетсек, буга чейин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>