Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун кеңешмеси өттү

Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун кеңешмеси өттү

ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун аткарган ишмердиги боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Күзөт кызматы билдирди.

Ыкчам кеңешмеге ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов, орун басары Ралис Касанов, Ведомстволук милиция полкунун командири Талант Раимбеков, орун басарлары жана батальондун жетекчилик курамы катышкан.

«Ыкчам кеңешмеде Ведомстволук милиция полкунун 2023-жылдын 6 айынын аткарган уюуштуруу-башкаруу, кызмат, кадр жана каржы-чарба ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, анын ичинде “Санарип күзөт” программасын ишке ашыруу тапшырмасынын аткарылышы каралды.

Ыкчам кеңешмеде Каныбек Абдырахманов өздүк курамдын кызматтык тартипти сактоосуна басым жасап, кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртууну талап кылды»,  -деп айтылат маалыматта.

Жыйында стратегиялык объектилерди, жарандардын мүлктөрүн ишенимдүү кайтаруу, кайтарууга турган мекеме-чарбалардын санын көбөйтүү боюнча тапшырмалар коюлган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>