Зордукчулар эми пробацияга чыгарылбайт. Мыйзамга кол коюлду

Зордукчулар эми пробацияга чыгарылбайт. Мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 7-декабрында кабыл алынган. Мыйзам жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке болгон укуктарды камсыз кылуу, ошондой эле өмүргө жана ден соолукка кылмыштуу кол салуулардан коргоо максатында кабыл алынган.

Мыйзамдын милдети алдын алуу үчүн жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарга карата кайталанган кол салуулардан сактоо болуп эсептелет.

Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилүүдө:

— Оор кылмыштар боюнча (анын ичинде зордуктоо) кылмыш иштерин тергөөнү тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотпоо боюнча жоболор камтылган. Тараптардын жарашуусуна байланыштуу жазык ишин милдеттүү түрдө токтотууну караган ченемдер алынып салынды. Ошол себептен, Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесине, Жазык-процесстик кодексинин 24, 505, 507-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилди.

— Жыныстык кол тийбестик боюнча кылмыштарды алдын алуу максатында, мыйзамдардагы жоопкерчиликтен иш-жүзүндө качууга шарт түзгөн жылчыктарды алып салуу боюнча ченемдер киргизилген. Тактап айтканда, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн, пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөөгө бошотуу мүмкүнчүлүктөр алып салынды, анткени бул жоболор жабырлануучулардын укук коргоо системасына болгон ишенимин кетирет. Ошол себептен, Кылмыш-жаза кодексинин 58, 82-беренелерине, Жазык-процесстик кодексинин 112-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>