Токмокто массалык мушташ болуп, үч өспүрүм сабалды

Токмокто массалык мушташ болуп, үч өспүрүм сабалды

Токмок шаарында массалык мушташ уюштурган жаш балдар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-май күнү шаардык милицияга Алга айылынын 56 жаштагы К.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 11-май күнү болжол менен саат 20:00до Токмок шаарынын №1 кичи районунда белгисиз балдар 2007-жылы туулган Н.А. аттуу уулун ур-токмокко алып, сабаган.

Ошондой эле, милицияга ушундай арыз менен 39 жаштагы Ч.У. жана 32 жаштагы Х.М. аттуу жарандар кайрылышкан.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Милиция массалык мушташты уюштурууга жана ага катышууга шектүү катары 2005-жылы туулган Ш.Ж., И.К. жана 2007-жылы туулган М.А. аттуу балдарды кармап, алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>