Бишкек милициясы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин урматтоо зарылдыгын эскерттиКонго Демократиялык Республикасында Эбола илдетинин эң ири очогу катталды20 млрд доллар: Жаңы «Асман» шаары кандай болот?Кытай Кыргызстандын суу чарба тармагына 370 даана техника беретКазакстанда 70 жылдан кийин алгачкы жолу жапайы жаратылышка жолборс коё берилди227 млн сом зыян: Башкы прокуратура гемодиализ боюнча кылмыш ишин козгоду
Дүйнө чемпионаты (U-23): Тайырбек Жумашбек уулу коло утту
25.10.2023 | 09:00
Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) коло байге утту.
Тайырбек Жумашбек уулу килем үстүнө 23-октярда чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи кармашында атаандашы беттешке чыкпагандыктан, жеңиш Тайырбек Жумашбек уулуна ыйгарылган. Чейрек финалда ал азербайжандык спортчуну 8:5 эсебинде жеңген. Бирок жарым финалда казакстандык балбанга 7:9 эсебинде жеңилип, коло байге үчүн күрөшө турган болот.
Үчүнчү орун үчүн беттеш 24-октябрда өтүп, Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнөлүк күрөш уюмунун атынан күрөшүп жаткан индиялык Акаш Дахия менен күч сынашып, аны 7:0 эсебинде утту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз