Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Экс-спикер Мукар Чолпонбаев коронавирус жуктуруп оор абалда ооруканада жатат
15.05.2020 | 18:02
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирус жуктуруп алып Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, экс-спикер 5-май күнү ооруканага түшкөн.
“Анын ден соолугунун абалы начарлашына байланыштуу, 12-майда оорукананын жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында жатат, абалы оор деп бааланууда”, – деп айтылат маалыматта.
“Спутник” маалымат агенттиги Мукар Чолпонбаев аялы дагы коронавирус жуктуруп, ооруканада жаткандыгын жубайлардын кызына таянып жазып чыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом