Камактагы Клара Сооронкулова уулун кат аркылуу куттуктады

Камактагы Клара Сооронкулова уулун кат аркылуу куттуктады

Эки айга камакка алынган Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова уулун туулган күнү менен кат аркылуу куттуктады. Катты укук коргоочу Динара Ошурахунова жеке баракчасы аркылуу бөлүштү.

«Атаяр! Сени туулган күнүң менен куттуктайм! Сен абдан күчтүү жана акылдуу жигитсиң, бекем бол! Жакшы маанай жана ийгилигиң менен колдоо абдан маанилүү. Андыктан күтө тур! Азамат бол! Сага чың ден соолук, кайраттуулук жана мыкты маанай каалайм. Сени бекем кучактадым!», — деп жазылат катта.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соттун чечими менен кармалгандар эки айга камалган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген. 

Камалган саясатчы жана активисттердин тизмеси. 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>