Бишкекке аймактардан 400дөн ашуун жол тескөөчү тартылдыМилиция «Мадина» базарындагы өрттүн алдын ала себебин атадыКыргызстандыктарга мүлк салыгын төлөөгө эки күн калдыНазарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалдыАз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн көбү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун ала алатThe Pussycat Dolls тобунун жылдызы Николь Шерзингер Бишкектеги Көчмөндөр оюндарында ырдайт
Фехтование боюнча өспүрүмдөр курамасы Азия кубогунда алтын утту
22.01.2024 | 15:20
Кыргызстандын фехтование боюнча өспүрүмдөр курамасы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия кубогунда 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Дубайдагы Азия кубогунда командалык оюндарда Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов жана Рустам Исламов алтын байгеге татып, Кыргызстандын туусун желбиреткен.
Мелдеш 19-21-январь күндөрү болуп өткөн. Курама команда машыктыруучу Даанышман Жумабай уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.
