Эмомали Рахмон Бишкектин ардактуу атуулу наамынан ажыратылат

Эмомали Рахмон Бишкектин ардактуу атуулу наамынан ажыратылат

Бишкек шаардык кеңешинде Кыргызстан социал-демократтар фракциясынын депутаттары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду Кыргызстандын борбор калаасынын ардактуу атуулу наамынан ажыратуунун укуктук механизмин түзүү демилгесин көтөрүүнү чечти. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин депутаты  Кадыр Атамбаев социалдык тармакташы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, чечим бир добуштан кабыл алынды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул наамды ыйгаруу чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаарынын мэрине жана Бишкек шаардык кеңешине расмий кат жолдогон.

Буга чейин социалдык тармактарда Феликс Кулов шаардын мэри болуп турганда 1999-жылы Тажикстандын башчысына төш белги тапшырганын эске салып,  салтанатка президент Аскар Акаев да катышкан сүрөт талкууга алынган болчу.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда, бирок чыңалуу бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>