Жеңиш жалпыбыздыкы! Тыныбекова жеңиштен кийин элге кайрылды

Жеңиш жалпыбыздыкы! Тыныбекова жеңиштен кийин элге кайрылды

Азия чемпионатында алтын медаль тагынган Айсулуу Тыныбекова күйөрмандарына социалдык тармак аркылуу ыраазычылыгын билдирди.

“Биздин капчыкта дагы бир алтын медаль! Кубанып, сыймыктанып турам! Мен үчүн жеңишти көздөй бет алуу узак жана татаал жол болду… жылдын өзү дагы көп сыноолор менен коштолду. Мени колдоп, мага ишенгендердин баарына терең ыраазычылык билдирем!
Бул жеңиш меники эле эмес, жалпыбыздын жеңишибиз! Сиздерге чоң рахмат!” деп жазган Айсулуу Тыныбекова.

Белгилей кетсек, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалында атаандашын жеңип, Азиянын беш жолку чемпиону болду.

Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 12-апрелде килем үстүнө чыкты. Ал таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде өзбекстандык Дилфуза Айымбетова менен күрөштү. Тыныбекова беттештин биринчи бөлүгүндө 13 секунд ичинде атаандашын жеңип алды. 

Жарым финалда Тыныбекова япониялык Нонока Озаки менен күч сынашты. Беттеш 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Тыныбекова беттештин жүрүшүндө 2 баллдык ыкма жасап, упай алгандыктан, жеңиш ага берилди.

Ал эми финалда монголиялык Оркхон Пуревдорж менен күрөштү. Тыныбекова атаандашын 9:5 эсебинде утуп алды.

Тыныбекова буга чейин Азия биринчилигин төрт жолу уткан. Астанадагы жеңишинен кийин бешинчи ирет Азиянын чемпиону болуп жатат.

Айсулуу Тыныбекова — Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын, Азия оюндарынын алтын байгесинин ээси, дүйнөнүн эки жана Азиянын беш жолку чемпиону. Андан тышкары бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>