Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Төө-Ашууда дөңгөлөк чынжырчасы бар унаалар өткөрүлүүдө
17.04.2023 | 22:10
Жайыл району Бишкек — Ош унаа жолунун 125-129-чакырымында пайда болгон жол тыгыны жоюлуп, каттам калыбына келтирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Мындан улам “К. Көлбаев” атындагы тоннелдин түштүк тарабынан оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынып, 20:40тан тартып дөңгөлөк чынжырчасы бар жеңил унааларды кезеги менен өткөрүүдө. Ал эми калган унааларга чектөө алына элек.
Эске салсак, жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу максатында бүгүн саат 15:40та “Сосновка” постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар