Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
«Империя Пиццы» кафесине келген конокторго кыргызча ырдоого тыюу салынган видео тарады
22.10.2020 | 14:16
«Империя Пиццы» кафелер тармагынын филиалдарынын бириндеги караокесинде кыргызча ырларды ырдоого тыюу салынган боюнча видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Видеодо кардар кафеде кыргыз тилинде ырдагысы келгенин, бирок ага аталган эс алуучу жайдын администратору келип, кыргыз тилиндеги ырларды ырдоого тыюу салынганын түшүндүргөн.
Кардар кызматкерге кайрылып, Кыргызстанда эмне үчүн кыргызча ырдай албастыгын айтып, кафенин үстүнөн сотко кайрыларын эскерткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом