Камактагы активист Ырыс Жекшеналиев ооруканага түштү

Камактагы активист Ырыс Жекшеналиев ооруканага түштү

Камактагы 19 жаштагы активист Ырыс Жекшеналиев жүрөк оорусунан улам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

«Ырысты жүрөк, башы жана бел оорусунан улам текшерүү үчүн медициналык мекемеге алып барышкан. Анын ден соолугу начарлап кеткени тууралуу буга чейин айтканбыз. Биз аны дарылануу үчүн ооруканага которууну талап кылабыз», — деп билдиришти алар.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта 2 айга камакка алынган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>