Камчыбек Ташиев Жалал-Абад милициясына унаа берди

03.05.2023 | 20:01

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад ОИИБге автоунаа тапшырды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-Май “Улуу Жеңиш” күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтүп жатат.

Бүгүн 3-майда улуттук көк бөрү оюнунун ачылыш аземинде УКМКнын төрагасы  Камчыбек Ташиев УКМКнын өздүк курамынын атынан Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитовго 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Тойота Королла” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырды.

Камчыбек Ташиев милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев кыргыз мамлекетинин, кыргыз милициясынын тарыхында өз орду бар инсан экендигин белгиледи.

Айта кетсек Молдомуса Конгантиев көзү тирүү кезинде улуттук көк бөрү федерациясын жетектеген.

[image_carousel source=”media: 188313,188315,188314″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Азыркы учурда улуттук көк бөрү оюну өтүп жаткан “Телтору” ат майданында коомдук тартипти милиция көзөмөлгө алып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Scroll to Top