Камчыбек Ташиевдин иши боюнча баштапкы соттук угуулар башталды

Бүгүн, 18-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши боюнча жабык түрдөгү баштапкы соттук угуулар башталды. Бул тууралуу ЖМКлар жазышууда.
Ташиевге «Адамдардын тобу тарабынан бийликти күч менен басып алуу» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Ал эми 12-майда Башкы прокуратура аталган кылмыш иши боюнча айыптоо актысын бекитип, аны кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна өткөрүп бергени белгилүү болгон.
Атайын кызматтын мурдагы жетекичиси менен кошо бул иш боюнча дагы жети адам өтүүдө. Алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу, экс-депутат Курманкул Зулушев бар.
Ички иштер министрлиги соттук ишке жашыруун макамын бергендиктен бардык соттук отурумдар коомчулук жана басма сөз өкүлдөрү үчүн жабык болот. Ал эми тергөөнүн жана соттун материалдарын ачыкка чыгарууга мыйзам менен тыюу салынган.