Бишкекте эки ири эл аралык көргөзмө өтөт — катышуучуларды эмнелер күтөтНоокатта базардан Кызыл китепке кирген кумай канаттуусу табылдыДКО жана ШКУ саммити: Бишкек жана Ысык-Көлдө кайсы жолдор жабылары айтылдыБишкектеги Улуттук тарых музейинде Кытайдын байыркы искусствосунун көргөзмөсү ачылдыКыргызстанда 2027–2031-жылдарга карата фискалдык саясаттын долбоору жактырылдыТалас шаарындагы жаңыланып жаткан К. Нуржанов аллеясы Эгемендүүлүк күнүндө расмий ачылат
Кара-Сууда 10 жаштагы инисинин өлүмүнө шектелип эжеси кармалды
26.03.2024 | 14:41
Ош облусунун Кара-Суу районунда 2006-жылы туулган кыз 10 жаштагы инисин өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул маалыматты облустук милициядан ырасташты.
Маалыматка караганда, окуя 25-мартта Кызыл-Кыштак айыл аймагында болгон. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 10 жаштагы баланы 2006-жылы туулган эжеси учтуу нерсе менен моюн тарабына сайып алгандыгы аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Шектүү катары маркумдун эжеси кармалган. Анын бөгөт чарасы сот тарабынан каралат.