Бостеридеги Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өттү

Бостеридеги Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өттү

Быйыл август айында Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш Ысык-Көл райондук сотуна өткөрүлүп, учурда соттук отурумдар өтүп жатат.

Облустук милиция Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча Ысык-Көлдө дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы даяр болгонун билдирип, бирок тергөөнүн купуялуулугуна таянып анын корутундсунда эмне деп жазылганын айткан жок.

Бул иш боюнча 4 адам шектүү катары өтүүдө: 32 жаштагы Б.Б. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу, Бостери айылынын 28 жаштагы Ж.Р., А.У. жана 29 жаштагы Э.А. аттуу тургундары. Алар учурда тергөө абагында камакта отурат.

Ошондой эле Бекбол Аманкуловдун киши колдуу болгонун жаап-жашырууга аракет кылган деп кармалган милиция кызматкерлеринин иши боюнча тергөө аяктай элек.

Эскерте кетсек, Бекбол Аманкулов быйыл 6-августка караган түнү каза болгон. 6-августта маркумдун агасы жана достору Бекбол Аманкулов ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун айтып жатканын, алар ишти жаап коеюн деп жатабы деген күмөн саноосун билдирген. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлери маркумдун денесинде жаракаттар жок экенин айтып жатканы айтылган.

14-августта ИИМ Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип 4 адам кармалганын кабарлаган. Алардын үчөө — мурда соттолгондор.

ИИМдин маалыматы боюнча, аталган ишти иликтөө учурунда 100 адам суралып, алардын ичинен 44 киши күбө катары көрсөтмө берген. Айрым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жалган болуп чыккан. Жалган көрсөтмө берген күбөлөрдүн иш-аракетине укуктук баа берилери айтылган.

Кийинчерээк Ички иликтөө кызматы милиция кызматкерлеринин үстүнөн териштирүү иштерин баштаганы кабарланган.

Көп өтпөй Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча кылмышты жаап-жашырууга шектелип ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3 кызматкери, андан соң дагы 2 кызматкери кармалып, камака алынган.

Бекбол Аманкуловдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көлдө жана Таласта соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Таластагы экспертиза Бекбол Аманкуловдун башында гематома бар экенин, мээсине кан куюлгандан каза болгонун көрсөткөн.

Экспертизанын жыйынтыгы: Бекбол Аманкулов мээсине кан куюлуп каза болгон

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>