Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Караколдо көл жээктен эркек кишинин жансыз денеси табылды
26.07.2023 | 14:01
Караколдо көл жээктен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жансыз дене 18-июлда табылган.
“Бул факты электрондук журналга катталып, жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери аныкталган эмес. Текшерүүдө жансыз дене көл жээкте 2-3 ай жатып калганы аныкталган. Учурда эркек кишини аты-жөнүн аныктоо үчүн тийиштүү иш-аракеттер жүрүүдө”, – деп жазылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом