Тигүүчүлөр жана электрондук соода менен алектенгендер бирдиктүү салыктан убактылуу бошотулдуНарында ок атуу боюнча жаңы спорттук тир ачылдыКыргыз улуттук филармониясы жана Кореянын Сеул искусство жана маданият фонду кызматташатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына «Бишкек Аренага» шаттл-автобустар каттайт – даректерКылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылдыБишкекте Кызыл-Суу кыргыздарынын аткаруусунда «Манас» спектакли коюлат
Карантинге алынган саякат кемедеги кыргызстандык Бишкекке келди
09.03.2020 | 12:33
Жапонияда коронавирутан улам карантинге калынган Diamond Princess круиздик кемесиндеги кыргызстандык жаран Бишкекке келди. Бул тууралуу бугүн, 9-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, ал 14 күндүк обсервацияга жаткырылды, абалы канааттандырарлык. Коронавируска анализ ализдери алынып, текшерилүүдө.
Белгилей кестек, Кыргызстандык жаран коронавируска шектелип Токиодогу Аскердик госпиталда байкоого жаткырылган. Акыркы жолку текшерүү кыргызстандыктын ооруга кабылбагандыгын көрсөткөн.
Ага чейин анын ооруну жуктуруп алгандыгы айтылып жаткан.
Diamond Princess саякат кемеси 3700 адамы менен 3-февралда Жапониянын Иокогама портунда 14 күнгө карантинге алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом