УКМК «башаламандыкка чакырган» адамдын кечирим сураган видеосун таратты

УКМК «башаламандыкка чакырган» адамдын кечирим сураган видеосун таратты

Массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырган Кыргызстандын жараны Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, шектүү катары 37 жаштагы К.Н.К. (Нурбек Кайназаров) аттуу жаран кармалган. Ал «Фейсбук» аркылуу массалык баш аламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга/басып алууга чакырган пост жарыялаган. Буга байланыштуу ага карата  Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») боюнча кылмыш иши козголуп, ал эл аралык издөөгө алынган.

Шектүү Кыргызстанга алып келинип, соттун чечими менен 20-ноябрга чейин камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле УКМК аталган жарандын бийликтен кечирим сураган видеосун жарыялады.  Анда кармалган жаран соцтармактагы билдирүүсү үчүн өкүнүп жатканын билдирген.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын дагы бир мүчөсү кармалганы айтылууда 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>