Депутат Кемпир-Абад маселесин кароого мораторий киргизүүнү сунуштады

Депутат Кемпир-Абад маселесин кароого мораторий киргизүүнү сунуштады

Депутат Нуржигит Кадырбеков Кемпир-Абад маселесин кароого мораторий киргизип, беш жылдан кийин кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Жыйында депутаттардын кароосуна «Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө» Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору  келип түшкөн. Маселени жабык кароо сунушталып, көпчүлүк ал сунушту колдоду.

Отурумда депутат аталган маселенин жабык каралышына каршы чыгып, Кемпир-Абад маселеси боюнча шашылуунун кереги жоктугун айтты.

«Бул маселеге көпчүлүк кыжалат болуп турат. Беш жылга мораторий киргизип, ойлонбойлубу. Анткени казино боюнча өтөр иш өттү. Бирок президентибиз ыймандуу кишинин колунан тарбия алган, кайра кайтып келет бул маселеге. Бирок бул маселеде (Кемпир-Абад маселеси – ред. ) аркага жол жок. Көпүрөнү өрттөп жиберебиз. Ошондуктан бул маселени карабай элек койсок деп суранат элем. Мамлекет башчыбыз дагы ойлонсо. Ниети жакшы болуп жатканын түшүнүп жатам, бирок жакшы ниет менен да адам адашып калышы мүмкүн», — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара тууралуу келишимдин долбоорун даярдаганы белгилүү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендней аталган документке ылайык, Кыргызстандын аймагы 15,8 гектарга көбөйөт. Ошол эле учурда Кыргызстан Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди берет. Аны менен бирге эки өлкө Кемпир-Абаддын суусун колдонуу боюнча биргелешкен ишкана түзмөк.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>