Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова камакта калтырылды

Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова камакта калтырылды

Кемпир-Абад маселеси боюнча камакка алынган саясатчы Клара Сооронкулова апрелге чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ушул тапта Биринчи май райондук соту камакта жаткан Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга каршы чыккандардын баш коргоо чарасын карап жатат.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Аталган иш боюнча камалгандардан Мамбетжунус АбыловПеризат Суранова жана Равшан Жээнбеков ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>