Түркияга жардам: Маяна которгон мамлекеттик мекемелердин тизмеси

Түркияга жардам: Маяна которгон мамлекеттик мекемелердин тизмеси

Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бир күндүк маяналарын которууда.

Бир күндүк эмгек акысын которгондор:

— Президенттин администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери;
— Финансы министрлигинин кызматкерлери;
— Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери;
— Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери;
— Бишкек мэриясынын аппарат кызматкерлери;
— Жогорку Кеңештин депутаттары (эки күндүк маянасын);
— Бишкектин акимчиликтеринин кызматкерлери;
— Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкерлери;
— Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
— Улуттук телерадиоберүү корпорациянын кызматкерлери.

Эскерте кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам үчүн Кыргызстанда акча чогултуу боюнча бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Банк: «Айыл Банк» ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсеп № 1350102119900169 «КР финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, АКШ доллары, евро);

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Максаты: Түркияга жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 18 миң 342 киши каза таап, 74 миң 242 адам жараат алды.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Алар Түркиянын Кахраманмараш шаарында иштөөдө. Андан тышкары, Кыргызстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөтөрү кабарланган.

12-февралда Кыргызстандан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөт.

Буга чейин ӨКМ кыргызстандык куткаруучулар Түркияда урандылардан 27 кишинин сөөгүн таап чыккандыгын маалымдаган.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>