Коронавирустан айыккан жарандар кандай тамактануусу керек? Адис жооп берет

Коронавирустан айыккан жарандар кандай тамактануусу керек? Адис жооп берет

Коронавирустан айыгып чыккан жарандар ден соолугун кайра калыбына келтирүү үчүн туура тамактануусу керек. Толук баалуу жана туура тамактану зарыл. Мындай маалыматты бүгүн, 8-сентябрда Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамактануу гигиенасы боюнча санитардык дарыгери Умут Сатыбалдиева брифингде билдирди.

1️⃣ Күнүнө 500 гр дан кем эмес жашылча – жемиштерди, 150 гр табигый чөп-чарларды кошуу керек. Жашылча –жемиштердеги витаминдердин рациондо болушу абдан пайдалуу. Мисалы, С витамини капуста жана башка жашыл түстөгү жашылчаларда көп болот.

2️⃣ Ооруган адам тузду 5гр дан ашык ичпеши керек. Туздалган, ышталган эт азыктарын кошумча туздоодон же консерваларды, тез даярдалуучу тамак-аштарды колдонуудан баш тартып туруу зарыл. Туздан башка шекер, углеводдуу кондитер азыктарын, таттуу суусундуктарды чектөө керек. Алар патогендүү оору козгоочу микроорганизмдердин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

3️⃣ Суюктукту 1,5 литрге чейин чектөө зарыл. Жылуу (бөлмө температурасы) жана таза суу ичүү шарт. Эгерде, дене табы көтөрүлсө 2 литрге чейин ичүүгө болот.

4️⃣ Рациондо сөзсүз түрдө майлуу эмес эттен жасалган, жашылчадан жасалган шорполорду жана сүт азыктарын колдонуу керек. Жаш малдын этинен жасалган шорполорду бир жумада эки жолу берүүгө болот. Куш эттери: тоок, индюк эттерине жана балык, деңиз азыктарына көбүрөөк көңүл буруу керек. Бул азыктарда омега 3 май кислотасы бар.

5️⃣ Витаминдер көбүрөөк сунушталат. Алар организдмн кайра калыбына келишине жардам берет. Мисалы, Д витаминин препарат катары же кошумча тамак-аштан колдонсо болот. А витамини пайдалуу болгон суюк майларда: оливка жана башка майлардан табууга болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>