Кылычбек Саркарбаев кызматтан убактылуу четтетилди

Кылычбек Саркарбаев кызматтан убактылуу четтетилди

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев өзү жазган арызынын негизинде кызматтан убактылуу четтетилди.

Бул тууралуу Саркарбаев өзү журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Бүгүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Насирбековичке кирдим. Бул иштер аягына чыкмайынча өз арызымдын негизинде жумуштан четтетип туруусун өтүндүм. Таалайбек Насирбекович сунушумду колдоду. Бул иштер аягына чыкканга чейин жумуштан кетип жатам”, — деген ал.

Белгилей кетсек, 14-февралда Эмилбек Кимсанов аттуу Фейсбук колдонуучусу эрежесиз уруш мушкери Төлөгөн Рахманберди уулунун президент Сооронбай Жээнбековго карата кайрылуусун жарыялаган.

Анда спортчу Ош шаардык комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев аны тапанча менен бутуна атканын тастыктап, «Саркарбаев ооруканага Мунарбек Раимбеков менен келип арыз жазсаң өлтүрөбүз» деп коркутканын айткан.

Төлөгөн Рахманберди уулунун кайрылуусунан кийин ИИМдин билдирүүсү жарыяланган.   Анда министрлик Рахманберди уулунун кылмыш жоопкерчилигине качууну көздөп жатат деген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>