Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Кыргыз-Казак чек арасында массалык мушташ болду – видео
08.02.2020 | 09:40
7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгонун Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Масанчи айылында массалык мушташ орун алып, ок атышуу болду. Казакстандын укук коргоо кызматкерлери тарабынан чыр токтотулуп, окуя көзөмөлгө алынды. Бул факты боюнча “бейбаштык” беренеси менен тергөө иштери башталды. Учурда жаңжалдын катышуучулары ким экендиги аныкталып жатат.
Жамбыл облусунун Кордай районундагы жаңжалга байланыштуу Казакстан менен чектешкен бардык көзөмөл-өткөрүү жайларында чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар