Видео — “Чыгыш электронун” адистери бузулган трансформаторго “опперация” жасашты

Видео — “Чыгыш электронун” адистери бузулган трансформаторго “опперация” жасашты

«Чыгыш электро» ишканасынын адистери бузулган трансформаторду өзгөчө ыкма менен оңдогон тамашалуу видеосу ишкананын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланды. 

“Биздин адистердин жумушу ар түрдү ― жадагалса бузулган трансформаторго кадимкидей эле “операция” жасашат.  Жүрөгү жабыркап, тез арада жардамга муктаж  бейтапка “туугандары” сыяктуу башка электр чубалгылары кабатырланат”, — деп жазылат видеонун үстүндө.

Тамашалуу тасмада кызматкерлер ак халат жана бет кап кийип, керектен чыккан трансформаторду, тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилген бейтап сыяктуу унаа менен атайын жайга алып келип, орулууга операция жасагандай эле трансформаторго “операция” жасашат.

Ишкана ызматкерлеринин өз жумушуна берилүү жана чыгармачылык менен мамиле кылганы социалдык тармактын колдонуучуларын эле эмес бизди дагы жылмайтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>