Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салынды

Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салынды

Өлкөдөгү минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жазгы-талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде республиканын айыл чарба тармагын минералдык жер семирткичтер менен өз учурунда жана толук көлөмдө камсыздоо жана аларга карата баалардын жогорулашына жол бербөө максатында минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды. Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Жыл сайын жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүгө жана республиканын айыл чарба тармагын өз учурунда камсыздоого, республикага күз-кыш мезгилинде 30,0-40,0 миң тоннага чейин минералдык жер семирткичтер ташып келинет. Себүү иштери башталганга же 1-мартка чейин стратегиялык запас 45,0-50,0 миң тоннадан кем эмес жер семирткичти түзүш керек. Республикада аталган запас камсыздалганда, күздүк буудайга кошумча жер семирткич берүү үзгүлтүккө учурабайт.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жана жергиликтүү фермерлердин маалыматы боюнча, акыркы мезгилде республиканын айрым облустарында жер семирткичтердин запасын коңшу өлкөлөргө реэкспорттоп жиберүү окуялары болгон.

Мындай окуяларга жол бербөө, минералдык жер семирткичтердин стратегиялык запасын түзүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорку деңгээлде кармоо жана аларга карата бааны кармап туруу иретинде минералдык жер семирткичтерди Кыргыстандын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Аталган тыюу салуу эл аралык транзитти жана өкмөт тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык көмөктү эсепке албаганда, алты айлык мөөнөткө киргизилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>