Кыргызстандык балбандар рейтингдик мелдешке катышат

06.07.2023 | 10:46

Кыргызстандык балбандар Венгриядагы Polyak Imre&Varga Janos Memorial эл аралык рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 13-16-июль күндөрү Будапешт шаарында өтүп, ага эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчулар катышат.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча:

– Айсулуу Тыныбекова, 62 кг;

– Айпери Медет кызы, 76 кг;

– Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу.

Эркин күрөшү боюнча:

– Алмаз Сманбеков, 57 кг;

– Бекзат Алмаз уулу, 57 кг;

– Улукбек Жолдошбеков, 61 кг;

– Икромжон Хаджимуродов, 65 кг;

– Тайырбек Жумашбек уулу, 61 кг;

– Алибек Осмонов, 65 кг;

– Эрназар Акматалиев, 70 кг;

– Орозобек Токтомамбетов, 70 кг;

– Каныбек Абдулхаиров, 97 кг;

– Сүймөнкул Таабалды уулу улук машыктыруучу;

– Руслан Маджинов башкы машыктыруучу.

Эскерте кетсек, грек-рим күрөшү боюнча балбандар учурда Россияда окуу-машыгууларын өткөрүүдө. Ал 29-июнь күнү башталган, 15-июлда жыйынтыкталат.

Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатына даярданууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top