Кыргызстандык окуучу БАЭде өткөн олимпиадада коло медаль утту

12.07.2023 | 13:52

Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Данияр Гаипов биология боюнча 34-Эл аралык олимпиадада (International Biology Olympiad, IBO) коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган олимпиада 3-июлдан 11-июлга чейин Бириккен Араб Эмиратынын Аль-Айне шаарында өтүп, ага 79 өлкөдөн 297 окуучу катышты.  Олимпиадага катышуучу ар бир өлкөдөн 4 окуучудан турган курама команда жиберилет.

Кыргызстандын курама командасы:

  1. Эльбрус Тажибаев – команданын лидери жана IBO калыстар тобунун мүчөсү;
  2. Даян Мэлисов – машыктыруучу жана IBO калыстар тобунун мүчөсү;
  3. Байзак Карыпжанов, “Манас Ата” Талас лицейи, 10-класс;
  4. Алай Алмазов, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 11-класс;
  5. Данияр Гаипов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс;
  6. Азирет Анварбеков, Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 10-класс.

Биология боюнча Эл аралык олимпиада (International Biology Olympiad) — 15 жаштан 21 жашка чейинки мектеп окуучуларынын ортосундагы биология боюнча илимий жарыш.

Ал 1990-жылдан тарта жыл сайын июль айында өткөрүлүп келет. Кыргызстан бул олимпиадага 1994-жылдан бери катышат.

[image_carousel source=”media: 193739,193740,193741″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Мындан сырткары Кыргызстандын 6 окуучудан турган математика боюнча курама командасы Японияда өткөн математика боюнча 64-Эл аралык олимпиадага катышып келди. Курама команда жалпысынан 79 упай топтоп, бирок медалга жетпей калды. 6 окуучу олимпиадага катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланды.

Кыргызстандын курама командасынын жыйынтыгы:

  1. Корнияш Фёдор, Б. Якирдин атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 7-класс – 17 упай;
  2. Асанкадыров Айдин, Б. Якирдин атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 9-класс – 15 упай;
  3. Дүйшөбаев Нуртилек, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – 13 упай;
  4. Бобрус Ян, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 7-класс – 12 упай;
  5. Искандеров Эльдар, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – 11 упай;
  6. Аскербеков Тилек, “ЮВИС” (UWIS) Эл аралык мектеби, 12-класс – 11 упай.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top