100 млн сом түшпөй калган. УКМК акча толук өндүрүлгөнүн билдирди

100 млн сом түшпөй калган. УКМК акча толук өндүрүлгөнүн билдирди

Мамлекеттик салык кызматындагы коррупция фактысы боюнча бюджетке 100 млн сом кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, 10 салык кызматкери жеке ишкананын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, төлөнө турган салыктын суммасын аз көрсөткөн. Ага байланыштуу бюджетке 100 млн сом түшпөй калган. Бул иш боюнча УКМК 10 салык кызматкерин жана жеке ишканалардын үч жетекчисин кармаган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлорунун кылмыштуу аракеттери боюнча маалыматтар алынган, алар «Ф» тобундагы компаниялардын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, республиканын бюджетине иш жүзүндө төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасын бир нече эсе төмөндөтүп, 3,3 млн сом өлчөмүндө гана салыктар төлөнгөн», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, учурда төлөнбөй калган 100 млн сом толук өндүрүлгөн.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда, тергөө амалдарынын жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.

100 млн сом түшпөй калган. УКМК 10 салыкчыны кармады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>