Лебединовкада мас айдоочу МАИ кызматкерлерин сабап салды     

Лебединовкада мас айдоочу МАИ кызматкерлерин сабап салды      

Аламүдүн районунда 38 жаштагы мас айдоочу жол кайгуул кызматкерлеринен из жашырууга аракет кылган. Кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүп, инспекторлорду сабап салган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«13-декабрда саат 1.30да Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын инспекторлору Лебединовка айылында жол эрежесин бузган унааны токтотушкан. Айдоочу инспекторлордун талаптарын аткарбай, токтобой айдап кеткен. Аны кармоо маалында айдоочу каршылык көрсөтүп, милиция кызматкерлерине денесине залал келтирип, кийимдерин айрып салган. Медициналык экспертиза анын мас экеин аныктаган», — деп айтылат маалыматта.

Мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн административдик жаза чараларынан тышкары, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>