«Жасалма интеллект (ИИ) деп айтпаш үчүн» — спортчу кыз Садыр жана Айгүл Жапаровдорду Ысык-Көлдөн кокусунан жолуктуруп калдыБишкектиктерге ысык суу качан берилери белгилүү болдуКыргызстандын бийлиги туристтерге орой мамиле кылгандар катаал жазаланарын эскерттиБишкекте Жеңиш күнүнө карата автожүрүш өттүӨКМ башчысы Баткендеги сел кооптуу тилкелерде коргоо иштерин тездетүүнү тапшырдыАла-Арчада япониялык эки турист куткарылды — видео
“Лиза” бороону Белизге жетти
03.11.2022 | 19:49
“Лиза” бороону Белизге жетти. Нөшөрлөп жааган жамгыр жана катуу бороон үйлөрдү жана унааларды каптады.
Шамал күчөп, ылдамдыгы 150 км/саатка чейин, жээктеги толкундардын бийиктиги 4 метрге жетүүдө.
Белиз өкмөтү жээкти бойлой кызыл эскертүү жарыялады. Ошондой эле мектептер жабылып, бир нече баш калкалоочу жай ачылды.
Синоптиктер бороон-чапкын ички тарапка жылган сайын алсырабай турганын эскертишти.
Бороон Гондурастын бир бөлүгү болгон Арал-де-ла-Баия аралдарына, Гватемаланын түндүгүнө жана Мексиканын түштүгүнө жетээри божолдонууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар