Мадумаров Жапаров менен Мирзиёевдин чет элдик иш сапарларын салыштырды

Мадумаров Жапаров менен Мирзиёевдин чет элдик иш сапарларын салыштырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 20-февралдагы жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өзү жетектеген мекеменин 2022-жылдагы иши тууралуу маалымат берди.

Жыйында депутат Адахан Мадумаров министрден президенттин чет өлкөлүк иш сапарларынын жыйынтыктары тууралуу сурады.

Эл өкүлүнүн айтымында, Садыр Жапаров иш сапарларында көбүнчө юридикалык күчкө ээ болбогон меморандумдарга гана кол коет.

“Массалык маалымат каражаттарынан президенттин чет элдик иш сапарларга барып келгенин гана угабыз, бирок андан эмне пайда тапты? Сегиз документке кол коюлду деп айтылат, анын жетөө меморандум. Өзүңүз билесиз, меморандум юридикалык күчкө ээ эмес. Келишим боюнча эч кандай сөз жок”, — деди Мадумаров.

Министр Жээнбек Кулубаев жыйынтык иш сапардын түрүнө жараша болорун айтып, «Биринчи иш сапар саясий байланыштарды түзүүгө багытталат», — деп жооп берди.

Буга Адахан Мадумаров каршы чыгып, саясий диалогду түзүү президенттин эмес, Тышкы иштер министрлигинин иши экенин айтты.

“Кыргызстандын жетекчилиги баратканда конкреттүү план болушу керек. Эмне үчүн Өзбекстандын президенти Кыргызстанга болгон иш сапарын үч-төрт айга жылдырды? Күздөн бери эшикти шыпырып, даярдандыңар. Анткени ал ар бир үтүр, чекитине чейин такталып бүткөндөн кийин гана келди. Биздикилер телефондон чакырса деле бара беришет экен.  Мирзиёев мырза президент болгондо биринчи иш сапарын беш өлкөгө жасаган. Анын жыйынтыгында 52 миллиард долларлык инвестициялык келишимге кол коюлган. Бул президенттин иш билгилиги. Ал эми биздикилердин сүрөттөрү гана чыгат, башка эч жыйынтыгы жок», — деди депутат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун акыркы чет элдик иш сапары Венгрияга болгон. Иш сапардын жыйынтыгында кыргыз-венгер биргелешкен өз-ара аракеттенүүсүн чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлган. Документтердин тизмеси. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>