Майыптыгы бар балдарга жөлөк пул алуунун жол-жобосу

Майыптыгы бар балдарга жөлөк пул алуунун жол-жобосу

Учурда Кыргызстанда 18 жашка чейинки 37 миң 494 бала майыптыгы боюнча жөлөк пул алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, 2021-жылдын күз айынан жөлөк пул эки этап менен 100%га көтөрүлүп, бүгүнкү күндө ар бир балага айына 8 миң сомду түзөт.

18 жашка чыга элек майыптуулугу бар балага ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды алуу үчүн жашаган жери боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылуу зарыл.

Жөлөкпул алуу үчүн арыз ата-энелер (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлдөчүүлөр) тарабынан берилет.

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн адамдар өзүнчө жашаса, анда арыз бала менен чогуу жашаган ата-энесинин (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) жашаган жери боюнча берилет.

Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулга кайрылууда төмөнкүдөй документтер керек:

— арыз ээсинин паспорту;

— баланын/балдардын туулгандыгы тууралуу маалымат/күбөлүк ;

— жашаган/турган жери боюнча каттоо жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана);

— медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгын тастыктаган маалыматы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>