ӨКМ жарандарды коопсуздук куржунун даярдап коюуга чакырды

ӨКМ жарандарды коопсуздук куржунун даярдап коюуга чакырды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды коопсуздук кунжунун даярдап коюуга чакырды.

Коопсуздук куржунунда эмнелер болушу керек?

— документтердин көчүрмөсү, акча;

— тез жардам кутусу;

— жай мезгилинде 5-6 литр суу, кыш мезгилинде 3-4 литр суу;

— консерва, жогорку калориядагы тамак-аш;

— гигиена каражаттары;

— запаска кийим, бут кийим, жууркан;

— радио, батарейкалар, уюлдук телефондун кубаттагычы (PowerBank), ышкырык, фонарик.

Коопсуздук куржуну – асынма сумка (рюкзак) дөңгөлөктүү же өзүңүзгө ыңгайлуу сумканын түрүн тандасаңыз болот.

Куржундун ичинде кеминде үч күнгө жете турчу азык, суу, жылуу кийим, дары-дармек, жардамга чакыруу үчүн белги берүүчү фонарик жана ышкырык болуусу зарыл.

Ошондой эле куржундун ичинде кагазга жакын туугандарыңыздын дарегин, телефон номерин, жакын жердеги бейтапкананын өзгөчө кырдаал учурунда жарандарды кабыл алуу пункттарынын дарегин жазып койгонду унутпаңыз.

Бул байланыш жок учурда ӨКМдин кызматкерлери үчүн сизге ыкчам жардам берүүгө жардам берет.

Жер титирөөдө адамга зыяны тийбеш үчүн үйдү кантип даярдоо керек?

— үй эмеректерин дубалга бекем бекитиңиз, алар керебеттерге жана бөлмөдөн чыгуучу эшиктерге кулабагыдай болуусу керек;

— ачык же жабык илгичтери бар сүрөт күзгүлөрдү жана сааттарды коопсуздандырып, дубалга бекемдеңиз;

— текчелердеги же эмеректердин үстүндөгү оор буюмдарды алдын ала ылдый түшүрөсүз;

— керебеттерди терезелерден алыстатып, люстраларды жана лампаларды шыпка бекем кагыңыз;

— үй эмеректеринин бекиткичтерин жер титирөө учурунда ачылбай тургандай сапаттууларына алмаштыруу зарыл;

— күйүүчү жана жегичтүү суюктуктар куюлган идиштер бекем жабылып, имарат титирегенде кулап, сынып калбашы үчүн сакталууга тийиш. Электр буюмдарын дубалга бекемдеңиз.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жер титирөө учурунда кандай кадамдарды жасоо керектиги тууралуу айтып беришти.

Ар бир кыргызстандык эң жөнөкөй 10 кадамды билүүсү зарыл. Алар:

— тынч болуп, дүрбөлөңгө түшпөңүз;

— лифт же тепкичти колдонбоңуз;

— эмеректерден, терезелерден, асма шамчырактан (люстра) алыс кетиңиз;

— баш калкалоочу жай таап, башыңызды колуңуз менен жаап алыңыз;

— титирөө токтогондон кийин имараттан чыгып кетүүгө болот;

— сыртка чыгаарда сууну, газды, электр энергиясын өчүрүү зарыл;

— авариялык абалдын алдын алыңыз;

— электр зымдарынан, имараттардан, дарактардан алыс болгонуңуз дурус;

— жер титирөөнүн кайталануусуна даяр болуңуз;

— балдарга, кары-картаңдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жардам көрсөтүү.

Эгерде адам урандылардын астында калса, куткаруучу келгиче чукул кыймылдоого болбойт.

Аны алып чыгып, дарыгерлерге чейинки алгачкы жардам көрсөтүү керек.

Куткаруу адистиги жок жарандар урандыларга тийбеши керек, анткени анын астындагы жабыркаган адам кандай жаракат алганын билбей калышы мүмкүн. Маселен, адам бийиктен куласа, омурткасынан жаракат алуусу толук мүмкүн. Же башка сыныктар болушу ыктымал. Аны кыймылдатууга болбойт, бул учурда кесипкөй адистин жеке мамилеси талап кылат.

Кырсык болгондо куткаруучуну гана күтүү сунушталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>