Эл аралык олимпиадада 17 медаль уткан окуучулар сыйланды

Эл аралык олимпиадада 17 медаль уткан окуучулар сыйланды

23-январда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева XX Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында жеңишке жетишкен окуучулар жана аларды таймашка даярдаган тренер, мугалимдерди кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Эл аралык олимпиадада жеңишке жетишкен окуучулар, мугалимдер жана тренерлерге Билим берүү жана илим министрлигинин мактоо баракчалары жана белектери тапшырылды.

Эскерте кетсек, кыргызстандык 17 окуучу математика, физика жана информатика боюнча XX Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында 4 күмүш жана 13 коло медаль жеңип алышкан.

Ошондой эле бул мелдеште кыргызстандык 4 мугалим Эл аралык Жаутыков олимпиадасы менен катар өткөрүлгөн IMPACT математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>