Мамлекетке 7 млн сом зыян келтирген адам кармалды

Мамлекетке 7 млн сом зыян келтирген адам кармалды

Мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарын өнүктүрүүгө тендер аркылуу бөлүнгөн ири суммадагы каражатты алдамчылык жол менен ээлеп алуу фактысы боюнча 1987-жылы туулган Ысык-Көл облусунун жараны И.А. кармалды.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран И.А. 1989-жылы туулган З.А. менен биргеликте “З.П.” (кыскартылган) компаниясынын директорунун алдоо жолу менен ишенимине киришип,  андан соң каржылык махинацияларды жасашкан. Белгилүү болгондой, алдамчылар башка ишкананын атын колдонушуп, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун Башкаруу дирекциясынын балансынан акча каражаттарын уурдоону уюштурган.

2016 жана 2017-жылдары региондорду өнүктүрүү фонду тротуарларды жана ирригациялык тутумдарды куруу үчүн компаниянын эсебине биринчи транш менен 5 миллион сом, экинчи жолу 2 миллион сом которулган. Алынган каражаттар андан ары иштөө үчүн туунду компанияга которулган. Кийинчерээк белгилүү болгондой, жаран И.А. (туунду компаниянын башчысы) өзүмчүл максаттарын көздөп, биргеликте иштөө келишимдерин бузган. “З.П.” компаниясынын директоруна айтпастан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун Башкаруу дирекциясы менен келишим түзгөн. Ошол эле учурда, ал келишимди өзүнүн атынан (туунду компаниянын) эмес, «З.П.» компаниясынын директорунун атынан кол койгону жана ошону менен бирге жоопкерчиликти башкы компаниянын башкы директоруна оодарганы айтылат.

«Айтылган объекттерде курулуш иштери ушул күнгө чейин жүргүзүлгөн эмес, жөн гана курулуш иштеринин көрүнүшүн гана  көрсөтүшкөн, ошондой эле жаран И.А. жана анын таанышы З.А. (чет өлкөдө жашырынууда) менен бирге акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алышып, өздөрүнүн муктаждыктарына коротушкан. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке жалпы 7 000 000 сом зыян келтирилген», — деп кабарланат.

Марттын ортосунда кылмышка шектүү катары жаран И.А. кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган жаранга карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган. Тергөө амалдары улантылып жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>