Мамытов: Чек ара боюнча бардык тараптын пикирин угуу керек

Мамытов: Чек ара боюнча бардык тараптын пикирин угуу керек

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Талант Мамытов бүгүн, 10-октябрда парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында каралган кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу Reporter.kg’ге оюн билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү жыйында чек ара боюнча келишимдин долбоорунун толук материалдары комитеттин мүчөлөрүнө берилбей, маалымат гана угузулду.

«Купуя сырлар болгондуктан маалымат жабык режимде берилди. Чечимди комитет кабыл алат. Биз комитеттин мүчөсү эмеспиз. Толук кандуу материалдарды көрө алган жокпуз. Ратификацияга келгенде берилерин айтышты. Маалымат иретинде комитеттин деңгээлинде уруксат алуу үчүн келдик деп баяндама беришти», — деди ал.

Анын айтымында, бул маселеде ар тараптын пикири угулса акыйкаттык болот.

«Бул боюнча делимитация жана демаркация комиссиясынын пикирин уктук. Коомчулукта кайчы же альтернативдик пикир айтып жаткан тегерек столдун мүчөлөрү оюн билгизди. Талкуудан кийин чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алат. Депутаттардын ар бири тиешелүү чечим кабал алат деп ишенем», — деди Мамытов.

Эскерте кетсек, бүгүн парламенттин тармактык комитетинин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, Кыргызстан 19 миң 699 гектар жерди алууда, ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери Өзбекстанга берилет.

Ташиев: Кемпир-Абаддын 4 миң 485 га жери Өзбекстанга берилет

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>