Сергей Волков: КРСУнун азыркы окуу корпустары мектептер жана колледждер үчүн пайдаланылатДепозиттер, кепилдиктер жана тобокелдиктер: аманатчылар эмнени билиши керек?Кыргызстанда авиакомпаниялар үчүн овербукингге тыюу салындыЖаза катаалдашкандан кийинки бир ай ичинде 1,5 миңден ашык мас айдоочу аныкталдыЭнергетика министрлиги: Кыргызстандын энергосистемасы штаттык режимде иштеп жататКыргызстанда ЖОЖдорго документтерди кабыл алуунун үчүнчү этабы башталды
“Манас” аэропортунан бомба табылган жок
16.05.2024 | 10:34
“Манас” эл аралык аэропортунан бомба табылган жок. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин “Манас” аба майданына бомба коюлганы тууралуу маалымат ИИМ, ӨКМ жана аэропорттун электрондук почтасына жөнөтүлгөнү кабарланган. Ага байланыштуу аба майдандагы адамдар, кызматкерлер сыртка чыгарылган.
Милициядан билдиришкендей, жеринде саперлор иштеп, бомба табылган эмес. Учурда аэропорт кадимки тартипте иштеп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом