Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келди

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келди

2022-жылдын май айында Кыргызстандан чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келди. Ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Ал кооопсуздук комитетинин жетекчиси менен улуттук баалуулуктар жана «Манас» эпосун жайылтуу жана улуттук идеология боюнча баарлашканын белгилейт.

«Камчыбек Ташиев буга чейин эстелик коюлбаган 3 областка (Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад) Манас баатыр эстелигин курууну колдоп, иш башталарын билдирди», — дейт Дөөлөт Сыдыков.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Дөөлөт Сыдыковго «Бийликти күч менен басып алууга чакыруу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Президент Садыр Жапаров манасчынын саясый куугунтуктоо боюнча жарыялагандан кийин атайын маек  берип, анда  «манасчы экен деп жүрсөм, пиарчы экен», — деп айткан.

Манасчы Дөөлөт Сыдыковго кылмыш иши козголгону кабарланды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>