Мечиттин ичинде уурулук кылган адамдын видеосу

Мечиттин ичинде уурулук кылган адамдын видеосу

Бишкекте мечиттин ичинен жарандын уюлдук телефонун, унаасынын ачкычын жана башка буюмдарын уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, уурулук былтыр декабрь айында болгон. Шектүү мечитте намаз окуп жаткан адамдын курткасын уурдап кеткен. Курткада уюлдук телефон, унаанын ачкычы жана башка буюмдар болгон. Жабырлануучу буюмдары уурдалганын намаз окуп бүткөн соң билген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин кызматкерлери мечиттин видеокамераларын текшерген учурунда, кылмышкердин мечитке кирип, уурулук кылганы тасмага түшүп калганын көргөн. Видеодо мечитке келген башка адамдар менен бирге белгисиз адамдын жүргөнүн көрүүгө болот. Ал, эл намаз окуй баштаганда кийимдер илинип турган жерге барып, бирөөнүн кийимин алып, сыртка чыгып кеткен.

Милиция шектүү катары Алай районунун 31 жаштагы М.У. аттуу тургунун кармаган. Маалым болгондой, ал мурда соттолгон.

Учурда шектүү камакта. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>