Тарыхты сактоо: №7 жалпы билим берүү орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согушка катышкан педагогдордун жана окуучулардын элеси эскерилдиОшто теннис боюнча эл аралык өспүрүмдөр мелдеши өтүүдөМинскте кыргызстандык жоокерлерди эскерүү митинги өттү«Эскерүү оту» Бишкекке келди — иш-чара кандай өттүЧүй облусунда Тан дооруна таандык будда храмынын калдыктары табылды7-май: күндүз Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт, +31° чейин ысык болот
Мектеп окуучулары 8-ноябрда каникулга чыгат
02.11.2021 | 17:55
Кыргызстандын мектептеринде күзгү каникул 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2021-2022-окуу жылында мектеп окуучуларынын каникул убактысы беш күндүк окуу жумасын эске алуу менен 29 календардык күндү түзөт.
Күзгү каникул – 7 күн: 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин;
Кышкы каникул – 12 күн: 31-декабрдан 11-январга чейин;
Жазгы каникул – 10 күн: 21-марттан 30-мартка чейин;
Биринчи класстын окуучулары үчүн үчүнчү чейректе жума сайын кошумча каникулдар белгиленет.
Министрлик быйылкы окуу жылында жеке жана мамлекеттик мектептерде окуу сабактары 2022-жылдын 8-июнунда аяктай турганын эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом